
Бишкек, 2025-жылдын 25-декабры – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиевдин төрагалыгы алдында Кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (КИК/ККЛ) маселелери боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги 16-жыйыны болуп өттү.
Күн тартибиндеги негизги тема Кыргыз Республикасынын Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык тобунун (ЕАТ) өз ара баалоосунун 3-раундуна даярдык көрүү маселеси болду. Комиссиянын төрагасы Данияр Амангельдиев даярданууга убакыт өтө аз калганын белгилеп, мамлекеттик органдардын жетекчилерин берилген маалыматтардын сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартарын эскертти.
Жыйындын негизги жыйынтыктары:
Комиссия 2026-жылга карата Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-аракеттер планынын (стратегиясынын) долбоорун карады. Ошондой эле тобокелдиктерди баалоо боюнча отчеттордун топтому жана экономиканын бир катар секторлорунда, анын ичинде турак жай-сактык кредиттик компаниялары, электрондук акчалардын эмитенттери жана агенттери, нотариат (мамлекеттик жана жеке нотариустар), топтомо пенсиялык фонддор жана ломбарддар, ошондой эле баалуу металлдар жана таштар менен операциялар секторлорунда тобокелдиктерди минималдаштыруу пландары жактырылды.
Эл аралык эксперттердин иш сапарына даярдануунун алкагында ФАТФтын натыйжалуулугунун түздөн-түз жыйынтыктары боюнча материалдарды даярдоо үчүн 11 Ведомстволор аралык жумушчу топту (ВЖТ) түзүү чечими кабыл алынды. Алардын ишин координациялоо Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматына (ФЧМК) жүктөлдү. Чектелген мөөнөттөр белгиленди: техникалык шайкештик боюнча суроо баракчаларын толтуруу 2026-жылдын 20-январына чейин, ал эми статистиканы чогултуу жана натыйжалуулук боюнча суроо баракчасын толтуруу 2026-жылдын 1-апрелине чейин аяктоого тийиш.
Жыйындын жүрүшүндө Башкы прокуратуранын укуктук базаны жана укук коргоо органдарынын ишин күчөтүү боюнча жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматы угулду. Башкы прокурордун орун басары көзөмөл органында активдерди кайтаруу боюнча адистештирилген бөлүм түзүлгөндүгүн, ошондой эле жарандык конфискациялоо жөнүндө мыйзам долбоору иштелип жатканын билдирди. Мындан тышкары, бюджеттик жоготууларды болтурбоо максатында камакка алынган мүлктү натыйжалуу башкаруу үчүн бирдиктүү механизмди жана адистештирилген түзүмдү түзүү демилгеси айтылды.
Муну менен катар Башкы прокуратура укук коргоо органдарынын координациясын күчөтүү максатында үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында укук коргоо органдарынын жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөрүлүп, анда терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга каршы аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи. Бул багыттагы иштер алдын алуу негизинде жүргүзүлүүдө.
Укук коргоо органдарынын ишин күчөтүү максатында Комиссия укук коргоо органдарына (ИИМ, УКМК, МБК, МСК) финансылык чалгындоо кызматынын материалдары боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө милдеттүү түрдө жарыш (параллель) финансылык иликтөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырды.
ФАТФтын чаралары (санкциялары) колдонулуучу Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн тизмеги бекитилди. Бул тизмеге КЭДР жана Иран киргизилди. Финансылык мекемелер жана каржылык эмес категориядагы жактар, ошондой эле мамлекеттик органдар бул юрисдикциялар менен өз ара аракеттенүүдө тиешелүү чектөө чараларын колдонууга милдеттүү.
Жыйындын жүрүшүндө финансылык коопсуздук темасындагы журналисттер арасындагы ЕАТ сынагынын "Аудиоматериалдар" номинациясы боюнча жеңүүчүсү болуп Кыргызстандын өкүлү – УТРКнын "Биринчи радиосунун" баяндамачысы Эрмек Актанов табылганы жарыяланды. Комиссиянын төрагасы журналистти куттуктап, коопсуздук тутумундагы маалыматтык иштин маанилүүлүгүн белгиледи.
Жыйындын жыйынтыгы боюнча Данияр Амангельдиев өз ара баалоодон ийгиликтүү өтүү өлкөнүн кадыр-баркы жана экономикалык туруктуулук маселеси экенин баса белгилеп, бардык ведомстволордон "толук мобилизациялоону жана кынтыксыз аткаруу тартибин" талап кылды.