
Кыргыз Республикасынын делегациясы 2025-жылдын 24–28-ноябрында Минск шаарында өткөн Евразиялык тобунун Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана терроризмди каржылоого (ККЛ/ТК) каршы аракеттенүү боюнча 43-пленардык сессиясына катышты. Катышуунун негизги багыты 2026-жылга пландаштырылган өз ара баалоонун 3-раундуна улуттук системанын даярдыгын көрсөтүү болду.
Кыргызстандан 10 ведомстводон 24 эксперттен турган кеңейтилген ведомстволор аралык делегация барды, алар Улуттук команданын техникалык шайкештикти талкуулоого жана баалоочулардын алдыдагы көчмө миссиясына комплекстүү катышуусун камсыз кылышты.
Жыйындын жүрүшүндө ФЧМК ККЛ/ТК каршы аракетттенүү системасындагы негизги реформаларды, анын ичинде тобокелдиктерди улуттук жана сектордук баалоону аяктоону, мыйзамдарды жаңыртууну, активдерди кайтарып берүү боюнча башкармалыкты түзүүнү, ошондой эле сотко чейинки конфискациялоо жөнүндө ченемдерди иштеп чыгууну сунуштады.
Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү мыкты тажрыйбалар менен алмашууга салым кошушту: ИИМ наркокылмыштарды жана криптовалюталар менен операцияларды иликтөөдө санариптик технологияларды колдонуу тажрыйбасын, Юстиция министрлиги – нотариаттын санариптик платформасынын алкагында ички контролдоо куралдарын сунуштады. Материалдар ЕАТ тарабынан оң натыйжалуу баа алды.
Пленардык жыйында өлкөлөрдүн өз ара баалоонун үчүнчү раундуна даярдыгына мониторинг жүргүзүү механизми жана тиешелүү анкеталар бекитилди. Кыргызстан жаңы методология боюнча баалоодон өткөн ЕАТга мүчө биринчи өлкө болуп калат. Ошондой эле Окуу-методикалык борборлордун эл аралык ассоциациясын түзүү чечими кабыл алынып, анын курамына ФЧМКнын Окуу борбору кирди.
Пленардык жуманын алкагында КМШнын Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешинин жыйыны болуп, анда санариптик коркунучтар, «дропторду» жана виртуалдык активдерди колдонуунун өсүшү, ошондой эле укуктук, технологиялык жана агартуучулук мүнөздөгү чаралар талкууланды. Сунушталган изилдөөлөр жана иш-аракеттер планы катышуучулар тарабынан колдоого алынды.
Жыйындын жыйынтыгы ошондой эле жалпы массалык каражаттар арасындагы конкурстун жеңүүчүлөрүн жарыялоону камтыды, анда Кыргызстандын Улуттук радиосунун өкүлү Э.М. Актанов «Радиосюжеттердин аудиоматериалдары» номинациясында биринчи орунду ээледи.
ЕАТтын кийинки 44-Пленардык жыйыны 2026-жылдын май айында Түркмөнстанда өтөт.