2025-жылдын 11-ноябрынан 13-декабрына чейин Бишкек шаарында мектеп окуучулары үчүн финансы коопсуздугу боюнча биринчи Республикалык олимпиада өткөрүлөт.
Олимпиаданын уюштуруучулары Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, ошондой эле П.Н. Лебедев атындагы Россия Илимдер академиясынын Физика институтунун мектеп окуучуларын жана студенттерди олимпиадага даярдоо борбору колдоо көрсөтүүдө.
Иш-чаранын өнөктөштөрү ˗ «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК жана «ВиЧейндж» ЖЧК.
Олимпиаданы уюштуруу жана өткөрүүнүн максаты жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, шектүү финансылык операцияларды таануу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана алдамчылык схемаларына тартылып калуунун алдын алуу.
Олимпиаданын иш-чараларына Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 9, 10 жана 11-класстарынын окуучулары чакырылат.
Катышуу үчүн окуучулар 17-ноябрдан 27-ноябрга чейин https://sodrujestvo.org/ дареги боюнча «Содружество» платформасында катталып, 1-декабрдан 3-декабрга чейин тандоо тестинен өтүшү керек. Эң мыкты 100 окуучу финалдык этапка чакырылат. Жыйынтыктарды жарыялоо жана катышуучуларды сыйлоо 2025-жылдын 13-декабрында бетме-бет форматта өтөт.
Олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундардын ээлери жыл сайын П.Н. Лебедев атындагы Россия Илимдер академиясынын Физика институтунун мектеп окуучуларын жана студенттерди олимпиадага даярдоо борбору тарабынан өткөрүлүүчү финансылык коопсуздук боюнча жайкы жана кышкы мектептерге катышууга чакырылат, ошондой эле 2026-жылдын 28-сентябрынан 2-октябрына чейин Россия Федерациясынын Красноярск шаарында өтө турган финансылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиадага катышууга көрсөтүлөт.