
Кыргызстанда финансылык продуктыларга жеткиликтүүлүктүн кеңейиши жана виртуалдык активдерди мыйзамдуу колдонуу акчаны адалдоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктеринин өсүшүнө алып келүүдө. Бүгүнкү күндө банкттык карталарды балдарга 7 жаштан тартып ачтырууга мүмкүнчүлүк бар, бул финансылык кызматтардын жеткиликтүүлүгү менен кошо алдамчылык жана «дропперлик» учурларынын көбөйүшүнө алып келүүдө.
Жаңы финансылык алдамчылык схемаларынын пайда болушу шартында жаштарга финансылык коопсуздуктун негиздерин окутуу өзгөчө мааниге ээ болууда. Жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо кызматы (ФЧМК) жана ФЧМКнын Окуу борбору 2023-жылдан тартып бул багытта бир катар билим берүү демилгелерин ишке ашырууда.
Билим берүү министрлигинин жана Кыргыз билим берүү академиясынын колдоосу менен «Финансылык коопсуздук» компоненти «Адам жана коом» сабагынын мамлекеттик стандартына киргизилген. Ошондой эле ОБСЕнин Бишкектеги Программалык офисинин көмөгү менен мектептерде сабак өткөрүүгө арналган методикалык колдонмо даярдалып, бекитилди. Колдонмо КР Финансылык чалгындоо кызматынын жана Кыргыз билим берүү академиясынын экспертизасынан өтүп, окутуу процессинде колдонууга сунушталды.
Бул колдонмодо кеңири таралган финансылык алдамчылык схемаларынын мисалдары, негизги тобокелдиктер жана каржыны коргоо жолдору, ошондой эле интернет аркылуу жарандарды мыйзамсыз иштерге тартуу механизмдери камтылган.
Мектеп окуучуларын финансылык коопсуздукка үйрөтүү узак мөөнөттө оң таасир берери күтүлүүдө. Бул демилге алдамчылык фактыларын азайтууга жана жаштардын мыйзамсыз схемаларга аралашуусуна жол бербөөгө багытталган.