Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык, ички контролдоо тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы (ички контролдоо программасын, тобокелдикке негизделген мамилени, кардарды тийиштүү текшерүүнү колдонуу); контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы; ошондой эле террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) (ТК/КК) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн коммерциялык банкка жалпы суммасы 951 000 сомго айып пул салды.