Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары – ФЧМК), Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык, контролдонууга жана билдирилүүгө тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүүнүн тартибин жана мөөнөттөрүн колдонуу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн октябрь айында 3 финансылык мекемеге (2 банк жана 1 төлөмдүк уюм) жалпы суммасы 189 миң сомго 3 айып пул салды.