Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ПРЕСС-РЕЛИЗ Бишкек шаарында терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо (ТИК/ККЛК) боюнча стратегиялык талдоого багытталган эл аралык семинар жүрүүдө.

08-10-2025

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Бишкек шаарында терроризмди каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди адалдоо (ТИК/ККЛК) боюнча стратегиялык талдоого багытталган эл аралык семинар жүрүүдө.

Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (ФЧМК) Евразиялык топтун (ЕАТ) үчүнчү өз ара баалоо раундуна даярдануу алкагында, Эл аралык окуу-методикалык финасылык мониторинг борбору (МУМЦФМ) катышуусу менен, Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо бөлүмдөрү жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү үчүн уюштурулган «Стратегикалык талдоо: ЕАТнын 3-раундунун өз ара баалоосуна даярданууда улуттук жана эл аралык тажрыйба» темасында эл аралык семинар өткөрүүлүдө.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар стратегиялык талдоонун заманбап ыкмаларын жана мыкты тажрыйбаларын талкуулап, кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого байланыштуу коркунучтарды азайтууда мекемелер аралык кызматташтыктын ролун, ошондой эле өлкөлөрдү ЕАТнын өз ара баалоосуна даярдоо тажрыйбасын алмашууну карашууда.

Программа алкагында тематикалык сессиялар, панельдик талкуулар, тажрыйба алмашуу жана стратегиялык талдоонун конкреттүү кейстерин талдоо иштери өтүүдө. Айрыкча маани аналитикалык ыкмаларды колдонууга, чоң маалыматтар менен иштөөгө, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого, ошондой эле массалык кыргын салуучу куралдарын таратууну каржылоого (ПОД/ФТ/ФРОМУ) байланыштуу улуттук тобокелдиктерди баалоонун өзгөчөлүктөрүнө берилүүдө.

Семинар катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Канат Асангулов, ЕАТ Катчылыгынын улук кеңешчиси Андрей Фролов, Индия Финансылык чалгындоо бөлүмүнүнүн (ФЧБ) директорунун орун басары Шри Сеудж Кумар Сайкиа, ошондой эле, Бишкектеги ЕККУ (ОБСЕ) Программалык кеңсесинин экономика жана экология департаментинин башчысы Рати Джапаридзе саламдашуу сөздөрүн айтышты.

Семинарда эл аралык жана улуттук эксперттер менен докладдар жасалды, алардын ичинде Илья Пегасов, Росфинмониторингдин тобокелдиктерди баалоо башкармалыгынын эксперт-адиси; Шухрат Хомидов, Өзбекстан Республикасынын укук коргоо академиясынын окутуучусу; ошондой эле Эл аралык окуу-методикалык финасылык мониторинг борбору, жана Финасылык чалгындоо кызматтарынын өкүлдөрү бар.

Семардын жыйынтыгында өзгөчө көңүл тобокелдиктерди баалоо ыкмаларын жакшыртууга, мекемелер аралык кызматташтык процедураларын оптималдаштырууга, ошондой эле эл аралык деңгээлде колдонулган алдыңкы аналитикалык ыкмаларды киргизүүгө бурулат.