Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Төлөм уюму жоопкерчиликке тартылды

25-03-2024

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү (ТИК/ККЛК) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген максаттуу финансылык санкцияларды колдонуу жана операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн, ошондой эле контролдоого жана кабарлоого тийиш болгон операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүлөрдү берүү талаптарын, тартибин жана мөөнөттөрүн бузгандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы төлөм уюмуна жалпы суммасы 128 миң сом өлчөмүндөгү 2 айып пул салды