Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргызстанда террористтик ишти каржылоодо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууда (адалдоодо) юридикалык жактарды пайдалануунун тобокелдиктерин баалоо боюнча иштер башталды

27-10-2023

2023-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А.А. Касымалиевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдында иштеп жаткан Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча Комиссиянын 7-жыйыны болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө террористтик ишти каржылоодо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууда (адалдоодо) юридикалык жактарды пайдалануунун тобокелдиктерин баалоону өткөрүү жөнүндө маселе каралды.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча төмөнкүлөрдү бекитүү жөнүндө чечим кабыл алынды:

- террористтик ишти каржылоодо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууда (адалдоодо) юридикалык жактарды пайдалануунун тобокелдиктерин баалоо Методологиясы;

- террористтик ишти каржылоодо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууда (адалдоодо) юридикалык жактарды пайдалануунун тобокелдиктерин баалоо боюнча жумушчу топтун курамы;

- террористтик ишти каржылоодо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууда (адалдоодо) юридикалык жактарды пайдалануу тобокелдиктерин баалоону өткөрүү графиги.

Тобокелдиктерди баалоо боюнча иш-чаралар 2024-жылдын 12-апреленине чейин аяктайт.