Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Баардык финансылык мекемелерге жана финансылык эмес категориядагы жактарга

27-10-2023

1533 (2004) резолюциясына ылайык түзүлгөн Коопсуздук кеңешинин комитетинин төрагасы Бириккен Улуттар Уюмундагы Туруктуу өкүлдөрдү жана байкоочуларды урматтайт жана төмөндөгүлөрдү билдирүүнү каалайт:

2023-жылдын 25-октябрында Комитет Бириккен Улуттар Уюмунун Уставынын VII главасына ылайык Коопсуздук Кеңеши тарабынан көрүлгөн чараларга дуушар болгон жеке жана юридикалык жактардын санкциялык тизмесине төмөнкү жазууларды кошууну жактырды.