Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоонун эл аралык борборун түзүү

13-10-2023

2023-жылдын 12 жана 13-октябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн КМШнин Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынынын жана КМШнин Мамлекеттер башчыларынын кеңешинин жыйынынын алкагында Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин баалоонун эл аралык борборун (ТБЭБ) түзүү жөнүндө Макулдашууга кол коюу маселеси каралды. Бул Макулдашуунун долбоору Кыргыз Республикасында мамлекет ичиндеги макулдашуу жол-жобосунан өттү.

КМШ мүчө-мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч келтирген кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана террористтик ишти каржылоонун (ККЛ/ТИК) эл аралык мүнөзүн жана учурдагы өлчөмүн эске алуу менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өз ара аракеттенүүнү координациялоого жана аныкталган ККЛ/ТИК тобокелдиктерин азайтуу боюнча чараларды көрүүгө чоң маани берүү менен, ТБЭБди түзүү КМШ мүчө-мамлекеттердин ККЛ/ТИКге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү кызматташуусун мындан ары өркүндөтүүнү, финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн иши боюнча мамлекеттер аралык натыйжалуу маалымат алмашууну колдоону жана ККЛ/ТИК тобокелдиктерин улуттар аралык баалоону камсыз кылууну камтыйт.

Бул Макулдашууга КМШ мүчө-мамлекеттеринин башчылары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров кол коюушту. ТБЭБ түзүү демилгеси КМШ мүчө-мамлекеттеринин Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин кеңешине таандык.