Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Микрофинансылык компаниясы жоопкерчиликке тартылды

25-07-2023

Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ички контроль тутумун уюштуруу боюнча талаптарды бузгандыгы үчүн (ички контроль программасын колдонуу, тобокелдикке багытталган мамилелерди колдонуу, кардарды талаптагыдай текшерүүнү колдонуу), Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 355-беренесине 1-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы микрофинансылык компанияга жалпы суммасы 165 миң сом өлчөмүндөгү 3 айып пул салган.