Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Эгмонт тобунун 29-пленардык жыйынынын ишине Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусу жөнүндө

10-07-2023

2023-жылдын 3-июлунан 7-июлуна чейинки мезгилде Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында Эгмонт тобунун 29-Пленардык жыйыны өткөрүлдү. Иш-чарага ФЧМКнын төрагасынын орун басарлары Ч.Т. Кененбаев жана А. А. Мусаев, ошондой эле ФЧМКнын кызматкерлери катышты.

Эгмонт тобунун тарыхында аталган Пленардык жыйын катышуучулардын саны боюнча рекорддук көрсөткүчкө ээ болду. Кызматташтыкты чыңдоо жана биргелешкен иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн 160тан ашык өлкөлөрдөн келген финансылык чалгындоо түзүмдөрдүн 533 делегаты жолугушту.

2023-жылдын 3-июлунан 7-июлуна чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын делегациясынын өкүлдөрү Азербайжан, Венгрия, Германия, Лаос, Сирия, Тайвань финансылык чалгындоо органдарынын өкүлдөрү менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. ФЧМК менен Латвиянын Финансылык чалгындоо түзүмүнүн ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Эгмонт тобунун пленардык жыйыны ишти жакшыртуу үчүн алдыңкы IT технологияларды колдонууга, анын ичинде купуялуулукту күчөтүүчү технологияларды колдонууга арналды. Блокчейн технологиясынын мүмкүнчүлүктөрү жана финансылык чалгындоо түзүмдөрүнүн ортосундагы болуучу кызматташтыктардын түрү талкууланды.

Ошондой эле Пленардык жыйындын алкагында төмөнкү маселелер каралды:

  • стратегиялык талдоо жүргүзүүдө тартиптик талдоону пайдалануунун маанилүүлүгү;
  • тобокелдиктерди аныктоо үчүн бирдиктүү ыкманы иштеп чыгуу зарылчылыгы;
  • каржылык иликтөөлөрдү жүргүзүүдө жасалма интеллект алгоритмдери;
  • жасалма интеллект технологияларын колдонуу боюнча финансылык чалгындоо түзүмдөрдүн ортосунда маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгү.
  • Пленардык жыйындын иш-чараларынын алкагында Эгмонт Тобунун Жумушчу топторунун, жетектөөчү кызматтарына тандоо процедуралары өткөрүлдү.

    Индонезиянын Финансылык отчеттуулук жана талдоо борбору Эгмонт тобунун эң мыкты иликтөө сыйлыгынын (BECA) жеңүүчүсү болуп аныкталды.

    Маалымат үчүн: Эгмонт Тобу 170 өлкөнү бириктирген дүйнөнүн финансылык чалгындоо түзүмдөрдүн расмий эмес бирикмеси. 1995-жылы июнь айында түзүлгөн. Кыргыз Республикасы 2009-жылдын 26-майында Эгмонт тобунун толук кандуу мүчөсү болуп аныкталган.