Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары - ФЧМК) кадимки иштөө режими менен иштеп жатат

09-10-2020

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары - ФЧМК) кадимки иштөө режими менен иштеп жатат.

ФЧМК укук коргоо органы болуп саналбайт жана саясаттан тышкары бойдон калат.

Өлкөдөгү түзүлгөн жагдайга байланыштуу ФЧМКнын жетекчилиги жана жамааты Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдары менен биргеликте ФЧМКнын мүлкүн коргоп, үчүнчү күчтөрдүн азгырууларына алдырбай ФЧМКнын ишин үзгүлтүккө учуратууга жол берилген жок.

Мындан тышкары, коронавирустук инфекциянын жайылуу коркунучуна жол бербөө максатында ФЧМКнын кызматкерлери тарабынан бардык санитардык ченемдер сакталды.