Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө

25-01-2017

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому менен ФЧМКга тизмектерди, маалымдамаларды, типтүү формаларды жана нускамаларды бекитүү бөлүгүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун аткаруу максатында ФЧМК тарабынан ФЧМКнын 2017-жылдын 23-январындагы № 1/чуа «Тизмектерди, маалымдамаларды, типтүү формаларды жана нускамаларды бекитүү тууралуу» буйругу иштелип чыкты. Ушул ФЧМКнын буйругунун долбоору кызыкдар мамлекеттик органдар менен макулдашуу жол-жобосун өттү (чыг. № 06-1/887, 22.09.2016-ж., чыг. № 06-1/988, 13.10.2016-ж.). Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жогоруда аталган ФЧМКнын буйругуна оң корутунду чыгарды (чыг. № 04-1/30-11578, 17.11.2016-ж.).

Ушул буйрук «Эркин-Тоо» гезитинин 2017-жылдын 24-январындагы № 6 (2731) санына жарыяланды.