Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКда 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөөгө арналган тематикалык бурч жасалгаланды

21-02-2019

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматындаКыргыз Республикасынын вице-премьер-министри А.С. Омурбекованын 2019-жылдын 1-февралындагы № 21-2230 тапшырмасын аткаруу максатында ФЧМКда 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөөгө арналган тематикалык бурч жасалгаланганды.

ЮНЕСКО эл аралык уюмунун генералдык конференциясы 1999-жылы 17-ноябрында бул күндү Эне тилдин эл аралык майрам күнү (International Mother Language Day) катары белгилеген. 2000-жылдан тарта белгиленип келет. Бул датанын майрам катары тандалып алынышынын себеби - 1952-жылы 21-февралда Бангладештин борборунда студенттер эне тилинин мамлекеттик тил болушун талап кылып көтөрүлүшкө чыгышып, полиция кызматкерлеринин огунан каза болушкан.

ФЧМКда жыл сайын кыргыз тилине арналган 21-февраль – Эл аралык эне тил күнү жана 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү майрамдарында ар түрдүү салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлүп жана ал иш-чаралар жөнүндө маалыматтар ФЧМКнын сайтына жайгаштырылып келет.