Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКда террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоону жүргүзүү жана улуттук стратегияны иштеп чыгуу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйындары өткөрүлүүдө

05-02-2019

ФЧМКда террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоону (мындан ары - тобокелдиктерди улуттук баалоо) жүргүзүү жана террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) аныкталган тобокелдиктерин азайтуу боюнча улуттук стратегияны (мындан ары - улуттук стратегияны) иштеп чыгуу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйындары өткөрүлүүдө

2019-жылдын 4-февралынан 8-февралына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматында террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин улуттук баалоону жүргүзүү жана террористтик ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) аныкталган тобокелдиктерин азайтуу боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйындары өткөрүлүүдө.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйындары 2018-жылдын 6-августундагы № 87 «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин аткаруу максатында өткөрүлүүдө.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун жыйындарына Кыргыз Республикасынын 21 мамлекеттик органынын өкүлдөрү катышат.

«Аракет - ЕБ: Баңгизаттарга жана уюшулган кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелери боюнча ЕБнын чаралары» долбоорунун алкагында жыйындарга эл аралык эксперт Т.Коларов жана ушул долбоордун регионалдык координатору Хосе Мате мырза катышат. Бул иш-чаралар Европа биримдиги тарабынан каржыланат.