Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Президент Сооронбай Жээнбеков Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевди кабыл алды

18-01-2019

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 18-январда КР Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевди кабыл алды.

Ал Финчалгындоо кызматынын 2018-жылдагы ишмердиги жана көрсөткүчтөрү, анын ичинде Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана террористтик ишти каржылоо менен байланышкан операциялар боюнча жана ошондой эле кийинки жылдарга карата пландар жөнүндө маалымат берди.

Мамлекет башчысы укук коргоо органдары арасында териштирүүнүн жүрүшү жана анын жыйынтыктары боюнча натыйжалуу маалымат алмашуу болуш керектигин, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга, террористтик ишмердикти каржылоого байланышкан иштерди иликтөө жана сотко жеткирүү боюнча бирдиктүү саясатты иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз ара баалоонун жүрүшүндө аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча жумушту күчөтүү, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу жана террористтик ишти каржылоо боюнча финансылык агымдарды аныктоо жана ага бөгөт коюу үчүн талдоо процесстерин автоматташтыруу керектигин баса белгиледи.

Ошондой эле көмүскө экономиканы азайтуу жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу максатында Финчалгындоонун отчет алдындагы субъектилердин ишмердигинин ачыктыгын камсыздоо үчүн мамлекеттик органдар ортосундагы иш-аракетти күчөтүү зарылдыгы белгиленди.

Мындан тышкары, коррупция менен күрөшүүнү күчөтүү, коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу, анын ичинде жаңы технологияны жана санариптештирүүнү колдонуу менен мекеменин иштөө механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланды.

Булак: http://www.president.kg/kg/okujalar/13299_preziden...