Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

Коммерциялык эмес уюмдар секторунда террористтик ишти каржылоонун кооптуулугуна баалоо жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзүү жөнүндө коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү үчүн жарыя

06-12-2018

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-октябрындагы № 360-б буйругу менен бекитилген 2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында Ачык Өкмөттү куруу боюнча Улуттук Иш-аракеттер Планынын 34-пунктуна ылайык жана коммерциялык эмес уюмдар секторунда террористтик ишти каржылоонун кооптуулугуна баалоо жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы (мындан ары – ФЧМК)Коммерциялык эмес уюмдар секторунда террористтик ишти каржылоо кооптуулугуна баалоо жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топту түзөт.

Ушуга байланыштуу, ФЧМК баардык каалоочуларды, тактап айтканда коммерциялык эмес уюмдар секторун (кайрымдуулук, диний, маданий, билим берүү жана социалдык уюмдар) ушул ишке катышууга чакырат.
Жумушчу топтун курамына киргизүү үчүн квалификациялык талаптар (критерийлер):
- коммерциялык эмес уюмдардын (кайрымдуулук, диний, маданий, билим берүү жана социалдык уюмдар) өкүлдөрү үчүн:
1. Жогорку билим (юридикалык же финансылык-экономикалык);
2. Коммерциялык эмес уюмдарды башкарууда жетекчилик тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес.
3. Коммерциялык эмес уюмдар секторунда иш тажрыйбасы 10 жылдан кем эмес.
Жумушчу топтун курамына кирүү үчүн арызды [email protected] электрондук почта дареги боюнча 2018-жылдын 12-декабры, саат 17:00 гө чейинки мөөнөттө жиберүү керек, суроолор жаралган учурда 0312 - 32 55 26 телефон номерине чалыңыз.