Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКнын жамааты Акчабаева Ырыс Асаналиевнанын мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

05-12-2018

2018-жылдын 5-декабрында 65 жаш курагында ооруунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башкы бухгалтери Акчабаева Ырыс Асаналиевна мезгилсиз дүйнөдөн өттү. Ал 1978-жылдан тартып мамлекетке кызмат өтөп келген. Ал ак ниет жана эмгекчил кызматчы, балдарынын камкор жана мээримдүү энеси жана жүрөгү таза аял эле. ФЧМКнын жамааты Акчабаева Ырыс Асаналиевнанын мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Биз Сиздердин аза кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз жана Сиздер менен биргеликте аза күтөбүз.