Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ЕАТтын 29-Пленардык жыйынынын жыйынтыктары жөнүндө

17-11-2018

2018-жылдын 12-ноябрынан 16-ноябрына чейинки мезгилде Минск шаарында (Беларусь Республикасы) Хао Цзинхуа айымдын (Кытай) төрагалыгы алдында Акчаларды адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы күрөшүү боюнча евразиялык топтун (ЕАТ) жумушчу топторунун жыйындары жана 29-Пленардык жыйыны болуп өттү. Өткөрүлгөн иш-чараларга Белорусиянын, Индиянын, Казакстандын, Кытайдын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын, Түркмөнстандын жана Өзбекстандын 250дөн ашык өкүлдөрү катышышты. Мындан тышкары, байкоочу өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын – ФАТФ, Дүйнөлүк банк, КТК жана БУУ БКБ, КМШ ТКБ ж.б. өкүлдөрү да катышышты.

Жумушчу топтордун жана Пленардык жыйындын күн тартибинин негизги маселелери ЕАТтын өз ара баалоолорунун экинчи раундунун алкагында Тажикстан Республикасын баалоо жөнүндө отчетту коргоо жана техникалык шайкештиктин кемчиликтерин жоюу жана ТК/КАК системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Планын карап чыгуу болду.

ЕАТтын Пленардык жыйыны ЕАТтын өз ара баалоолорунун экинчи раундунун алкагында Тажикстан Республикасын өз ара баалоонун отчетун жана аткаруу резюмесин бекитти.

Пленардык жыйындын алкагында КА/ТКК чөйрөсүндө ЕАТка мүчө мамлекеттердин улуттук мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр жана КА/ТК тобокелдиктерин баалоону жүргүзүү жөнүндө маалыматтар берилди.

Жумушчу топтордун жыйындарынын жана Пленардык жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын делегациясы Техникалык шайкештиктин кемчиликтерин жоюу жана ТК/КАК системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Планынын долбоорун көрсөттү, ошондой эле ТК/ТКК чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр жөнүндө маалымат берди.

ЕАТтын Пленардык жыйыны Техникалык шайкештиктин кемчиликтерин жоюу жана ТК/КАК системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Кыргыз Республикасынын Планын жактырды, ошондой эле жогоруда аталган Планды аткаруу боюнча эл аралык донордук уюмдарды жана ФМЭОМБны тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын аракеттин колдоду.

Ачык жарыялоо ЕАТтын сайтында жайгаштырылган: https://eurasiangroup.org/files/uploads/files/FATF_documents/PLEN%20(2018)_16_rus.pdf