Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

​«Түндүк» системасы: жетишкендиктер жана перспективалар» конференциясы

08-10-2018

ФЧМКнын төрагасы Гуламжан Сатбалдыевич 2018-жылдын 5-октябрында өткөрүлгөн «Түндүк» системасы: жетишкендиктер жана перспективалар» конференциясында ФЧМК биринчилерден болуп «Түндүк» системасына кошулуу боюнча иштерди жүргүзүп баштагандыгын айтты.

Ал «Түндүк» системасына кошулуу Финансылык чалгындоого кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоо менен байланышкан кылмыштарды айкындоо жана бөгөт коюу боюнча зарыл чараларды көрүү үчүн мамлекеттик органдардын маалымат базасынан маалыматтарды ыкчам алууга мүмкүндүк берет деди.

Ошондой эле өз кезегинде Финансылык чалгындоо 2 маалымат базасын: Террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкан жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеси кирген Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегин жана Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) катышкан жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегин түзөрүн жана жаңылап турарын кошумчалады.

Аталган тизмектерди колдонуу Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана финансылык системасынын бүтүндүгүн кылмыштуу кол салуулардан коргоого жардам берет.