Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы

ФЧМКнын жетекчилиги менен Япониянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамуранын жолугушуусу болду

28-09-2018

2018-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын имаратында ФЧМКнын төрагасы жана кызматчылары менен Япониянын Кыргыз Республикасындагы ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамуранын жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын системасын өз ара баалоо, эки тараптуу кызматташтык маселелери, ошондой эле техникалык көмөк көрсөтүү мүмкүндүгү талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар мындан ары эки тараптуу кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.